Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын сентябрына карата Казакстандын аймагындагы Каспий деңизинин орточо деңгээли минус 29,31 метрди түзүп, акыркы он сегиз жылда анын бетинин аянты 36 миң чарчы чакырымга кыскарган. Бул тууралуу Казинформго шилтеме берип АЗЕРТАЖ билдирди.
Казгидромет берген маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрь айында Казакстандын байкоо станциялары жайгашкан түндүк-чыгыш бөлүгүндө деңиздин орточо деңгээли минус 29,15 метрди, ал эми чыгыш бөлүгүндө минус 29,46 метрди түзгөн.
Өткөн жылга салыштырмалуу Каспийдин деңгээли төмөндөгөн:
- Түндүк-чыгыш бөлүгүндө – 20 сантиметрге;
- Чыгыш бөлүгүндө – 17 сантиметрге.
Казакстандын аймагында жээк сызыгы айрым жерлерде 30-35 километрге чейин тартылган.
Эң аялуу аймактар деп Каспий деңизинин түндүк-чыгыш бөлүгү, Урал дарыясынын дельтасы жана Маңгыстау облусунун жээги эсептелет.