Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. 11-июлда Чоң-Кеминдин Шабдан айылынын ипподромунда "Ак илбирс экоФест Чоң-Кемин 2026" экологиялык фестивалы өтөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, быйылкы иш-чара "Ак илбирс: эко-билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи" деген ураан алдында өтмөкчү.
Фестивалдын башкы максаты – экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, экотуризмди жайылтуу жана өлкөнүн улуттук символу болгон ак илбирсти сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу.
Белгиленгендей, иш-чара "Илбирс – жашыл муун" фонду, Глобалдык программанын катчылыгы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулууда.