Эсептөө палатасы жакында Жогорку Кеңеште 2024-жылга карата ишмердүүлүгүнүн отчетун берди. Эл өкүлдөрү отчетту угуп, талкуулап жыйынтыгында жактырылды. Отчет берүү учурунда негизинен 13 млрд сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, такталгандыгы белгилүү болду. Аталган сумманын ичинен 10 млрд сомдон ашууну кайра калыбына келтирилген. Эң көп каржы бузуулар кайсы мекемеде аныкталган жана башка суроолорго Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берет.
- Аныкталган 13 млрд сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулардын көпчүлүгү кайсы тармактардан белгилүү болду?
- Эсептөө палатасынын негизги милдети бюджеттин так аткарылышын, өз максатына жетишин, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу, эффективдүү пайдаланылышын камсыздоо. Биздин мамлекетке кирип жаткан долбоорлор менен келген инвестициялардын түз, туура пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Жылына бир жолу жыл жыйынтыгы менен мыйзамда каралгандай Жогорку Кеңешке отчет беребиз. Былтыркы жылга карата отчетубуз жактырылып, кабыл алынды. Айтылган 13 млрд сомдон ашык каржылык бузуулар негизинен жергиликтүү бюджеттен, республикалык маанидеги шаарлардын мээриясынан аныкталды. Мисалы, Бишкек мэриясынан 9,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Муну коррупциялык схема катары да карасак болот. Бул каржы бузуу негизинен жеке жактар турак жайды курууда мыйзамды же ченемдик-укуктук актыларды толук аткарбашынан келип чыкты. Башкача айтканда, Бишкек мэриясы тарабынан жеке жактарга турак жай куруу үчүн ижарага берилген жер тилкесин турак жай куруучу тарап элдердин пайдалануусуна бергенге чейин өзүнүн менчигине сатып алыш керек. Бул келишимде каралып бирок, ошол келишимдин аткарылбай жатканынан келип чыгууда. Учурда турак жай куруучу жеке жактын баары ижарада турат. Бирок, турак жайлар сатып алган кардарларга пайдаланууга берилген. Биз ошону эсептеп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Анын ичинен 1 млрд 600 млн сом Бишкек мэриясынын бюджетине түштү.
- Соңку учурда өлкөдө курулуш иштери күч алууда, бардыгын текшерип чыктыңарбы, каржылык абалы кандай?
- Негизи капиталдык курулушка кеткен каражаттардын ичинен аудиттин жыйынтыгы боюнча 2024-жылы 1 млрд 600 млн сом курулуш- монтаждоо иштеринин көлөмүн көбөйткөн учурлардан чыкты. Булар боюнча иш жүрүүдө. Бирок, бүгүнкү күндө 40 пайыз ордуна коюлган. Негизи бул токтобогон процесс. Министрлер кабинетине, министрликке мындан ары мүчүлүштүктөрдү болтурбоо боюнча сунуштамаларды беребиз.
- Жогорку Кеңешке отчет берүү учурунда 10 млрд сомдон ашуун каражат мамлекеттик бюджетке кайра кайтарылганын билдирдиңиз, бул кандай жолдор менен кайтарылды?
- Белгиленгендей, турак жай куруучу жеке жактар жер тилкелерин сатып ала башташты. Мамлекетте курулуштар көп жүрүп, бюджеттик каражаттын эсебинен өлкөнүн бардык аймагында бала бакча, оорукана, мектептер курулууда. Бухгалтердик эсеп боюнча салынган каражаттарды кириштеп, өздөрүнүн негизги каражатынын баасын жогорулатуу сыяктуу мүчүлүштүктөр абдан көп болуп жатат. Биздин кызматкерлер бардыгын тактап, ордуна коюуда. Бюджеттен кеткен каражат кайра ордуна коюлгандан кийин баланс чыгыш керек. Экинчиден негизги каражат мамлекеттин активи, канчалык мамлекеттин негизги каражатынын көлөмү чоң болсо, мамлекетке инвестиция тартканга да жакшы өбөлгө түзөт. Мүчүлүштүктөр кызматкерлердин өз милдеттерин так аткарбаганынан, кээде билбестиктен да келип чыгууда.
- Товарлардын баасынын ашкере жогорулатып көрсөтүлгөнүн тактап, далилдеп көрсөтүүчү типтүү ыкмалар барбы?
- Негизинен имарат куруу алдында долбоору чийилгенден кийин канча каражат сарпталары бары көрсөтүлүп, бир сметалык баа чыгарылат. Биздин кызматкерлер барганда ошону салыштырмалуу карап, физикалык жактан көлөмдөрүн да эсептейт. Адамдык фактор болгондуктан, курулушчулар көлөмдөрүн кичине көтөрүп жиберишет. Такталгандан кийин ошол көлөмдөрдүн айырмасын кайра бюджетке кайтарып беришет же кошумча иштерди аткарышат. Курлуш иштеринде, жол курууда негизи бир стандарт жок. Анткени, ар бир аймакта бир чакырым жолдун өздүк наркы ар кандай болот. Ар бир жолдун өзүнүн долбоору түзүлгөндөн кийин сметалык баасы чыгып, ошого жараша куруп башташат.
- Бишкек мэриясында эле 4 млрд сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуулар аныкталгандыгы көргөзүлгөн. Бул кайсы тармактарга байланыштуу жана анын канчасы мамлекетке кайтарылды?
- Мэриялардын биринчи көйгөйү өзүндөгү муниципалдык мүлктөрдү кардарларга ижарага беришет. Мында ижара баасын төмөндөтүү фактылары аныкталат. Кээде ижарада жүрүп көмүскөдө калып калган имараттар бар. Курулуш тармагында көлөмдөрүн көбөйтүү да аныкталууда.
- Айыл өкмөттөрдө, кичи шаарларда каржылык мыйзам бузуулар жаатында соңку тенденция кандай болууда?
- Бухгалтердик учеттогу кызматкерлердин бат-бат алмашуусу, тажрыйбасы жок адистердин ишке келишинде учетко коюуда мүчүлүштүктөр кетүүдө. Экинчи жагынан дебитордук карыз субъектинин ала турган каржысы болуп эсептелет. Кийинки жылдары ошолорду жаап-жашыруу тенденциясы уланууда. Негизинен аудит жүргүзүү боюнча өзүбүздүн каржылык, шайкештик жана натыйжалык аудит аталган үч ыкмабыз бар. Ар бир аудиттин өзүнүн методологиясы түзүлгөн. Мисалы, 2024-жылдын отчетунда белгиленгендей, Ош шаардык билим берүү борборунда 32 млн сом уурдоо такталды. Бул боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз. Мында маянаны чегергенде эс алууда жүргөн адамдарга же маянага үстөк акча кошуп, которуу таризинде мыйзам бузуулар болот. Ушундай эле мамлекеттин каражатынан 11 млн сом уурдоо Талас облусунун Бакай-Ата районунда такталды. Бул атайын топ түзүп алып уурдоо жүргүзүү катары эсептелет.
- Кесипкөй адистерди кызматка алуу жагы, негизи эле Эсептөө палатасында кадр маселеси кандай?
- Бизде каржы, бухгалтердик учет, аудит тармагында иштеген кызматкерлер, экинчиси аз санда курулуш адистери иш алып барышат. Башка адистер, башка тармактардан келишим боюнча келип иштешет. Биз маяна төлөп берип, тапшырма боюнча биздин милдетибизге кирбеген тармактарга келишим менен тартып, кызмат кылдырганга укугубуз бар. Мурда жалаң шайкештик финансы аудитин жүргүзүп келсек, эми натыйжалуу аудитке көңүл буруудабыз.
- Эсептөө палатасы тарабынан тапшырылган 119 материалдын ичинен 29 материал боюнча гана кылмыш иши козголду, калган иштер боюнча жоопкерчилик каралабы?
- Ар бир министрликте же субъектиде аудиттин жыйынтыгын кеңешке алып чыгабыз. Эгер каржы бузууда кеңеш кылмыш иши бар деп күмөн санаса укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Бирок, биз берген материал боюнча 100 пайыз кылмыш иши козголуш керек дегенден алыспыз. Анткени, бул биздин көз караш катары эле укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Кылмыш иши ал жерде барбы же жокпу укук коргоо органдары аныктайт.
- Мамлекеттин карамагына өткөн ишканалар текшерилип жатабы, алардын каржылык абалы кандай?
- Мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан көп акционердик коомдор иш планга киргизип, 1-2 жылда бир аудит жүргүзүлөт. "Кыргызиндустрия", "Кумтөр" сыяктуу ишканалар мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин аудит жүргүзүлдү. Мисалы, "Кумтөрдү" аудит жүргүзгөндө 7-8 кызматкерибиз ошол жерде жарым жылдай иштеди. Анткени, кендин мурунку жетекчилеринин бухгалтердик учету башкача таза, так эмес экен. Экинчи жолу барганда мурунку биз берген сунуштар боюнча бир топ нерселер ордуна коюлуп, учет өзүнүн нугуна түшүп оңолуп келе жатат. Дагы бир мисал, Казарманда "Макмал" алтын комбинатын кытайлык ишкерлер пайыздык үлүшкө кирип иштетип баштаган. Биз барып аудит жүргүзгөндө өтө көп каржы бузуулар, чоң суммадагы акчаны туура эмес пайдалануулар чыккан. Жыйынтыгында жетекчиси болгон Кытай жараны камакка алынып, укук коргоо органдары иш алып барууда. Мамлекеттин карамагына өткөн жеке ишканаларды карап бергиле деп сунуш түшсө, иш планга киргизип карап берүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө Эсептөө палатасы аудиттин жогорку органдарынын эл аралык ИНТОСАИ уюмунун мүчөсү. 1979-жылы Лима шаарында (Перу) декларация кабыл алынып, ошол декларацияда аудит жүргүзө турган мекеме аткаруу органынан көз карандысыз болуш керек деп жазылган. БУУга, аталга уюмга мүчө болуп көз карандысыздык принцибин аткарыш үчүн 1996-жылы Кыргызстанда Эсептөө палатасы өзүнчө түзүлгөн. Эсептөө палатасы отчетту бир гана Жогорку Кеңеш менен өлкө президентине берип, алардын кол алдында иш алып барат. Кеңеш 9 мүчөдөн туруп, 6 мүчөсү Жогоку Кеңештен, ал эми үчөө президенттин сунушу менен келет. Ошолордун ичинен президенттин сунушу менен бир төрага шайланып, аткаруу бийлигине көз карандысыз болот. Биз аткаруу бийлигинде мүчүлүштүктөр болуп жатса, ачык-айкын жаза алабыз.
- Аудит жүргүзүү, жыйынтыгын чыгаруу учурунда көзөмөл жүргүзүү механизмдери каралганбы, анткени кызматкерлердин акча опузалаган фактылары катталууда?
- План боюнча жергиликтүү бюджетти 2 жылда бир карайбыз. Анча маанилүү эмес мекемелерди 3-4 жылда бир текшеребиз. Бирок, чоң-чоң бюджети бар министрликтерди жылына текшерип турабыз. Жарандардан арыз түшкөн күндө да аудиттин планынын алкагында карайбыз деп жооп беребиз. Биз бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин чыгаша жагына эмес, киреше жагына көбүрөөк көңүл бөлөлү деп жатабыз. Анткени, учурда кошумча булактар көбөйүп, көз жаздымда калган учурлар болууда. Коррупцияга каршы иш-аракеттер бизде дайыма жүрүп турат, жакында өзүбүздө ички коопсуздук кызматы түзүлдү. Андан тышкары, УКМКдан бир штаттык бирдик берилди. Так, таза иштейли деп байма-бай айтылып, иштер жүргүзүлгөнү менен адамдык фактор экен, жакында эле Ош шаардык мэриясында аудит учурунда кызматкерлер кармалды. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Кызматтык териштирүүнүн алкагында айрым кызматкерлер иштен бошотулууда.
Аудит жүргүзгөнү барганда алгач эле акча чогултуу сыяктуу нерселердин кереги жок деген протоколдук иш-чараларды жүргүзөбүз. Ишеним телефондору, коомдук кабыл алуу да уюштурулган, бизде баары ачык-айкын. Мурункуга караганда кызматкерлер катышкан коррупциялык көрүнүштөр азайды. Бирок, тилекке каршы анда-санда адамдык факторго байланыштуу болгон жагымсыз көрүнүштөр болууда.