Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги каармандын прототиби болгон кадимки Момун чал жашаган үй бүгүнкү күндө да сакталып турат. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Чоң-Бет кичи жайлоосунда жайгашкан.

Жайлоодон ары-бери өткөн адамдар атайын кайрылып, үйдү көрүп, эстелик катары сүрөткө түшүп кетишет.
Мындан дээрлик 60-70 жыл мурун салынган бул үйдүн эскилиги жетип, ураганы калгандыктан, 2024-жылдын ноябрь айында жергиликтүү ыктыярчылар аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңыртып коюшкан.

1969-жылы Чыңгыз Айтматов Каркыра жайлоосуна бара жаткан жолдо, аталган жерге түштөнүү үчүн токтоп, жашоодогу Момун абышка менен таанышкан. Экөөнүн узакка созулган маеги жазуучунун жүрөгүндө терең из калтырып, көп өтпөй ал Момун чалды чыгармасындагы башкы каармандын прототиби катары жазып чыккан.

Түп районунун тургуну Мурат Бопуевдин айтымында, чыныгы жашоодогу Момун чал токойчу болуп, ушул үйдө жашап өткөн. Өзү менен кошо небереси да жашаган.

“Бул кадимки Момун абышканын үйү. Карагайлардан ашталган үй. Бул жерде жазуучу менен абышка жолуккан. Кийин “Ак кеме” фильминин айрым фрагменттери да ушул жерде тартылган”-деди ал.

Айтматовдун бул повести алгач “После сказки” деген ат менен орус тилинде «Новый мир» журналында (1970, № 1) жарык көргөн. Кыргызчасы биринчи жолу 1978-жылы «Ала-Тоо» журналынын № 12 санында жарыяланган.
Ал эми кыргыз кереметинин сап башында турган “Ак кеме” тасмасын Болот Шамшиев тарткан. Тасманы тартуу иштери 1974-75-жылдары Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп, чоң экранга 1976-жылы 22-ноябрда Москва шаарында чыккан.