Карим Ханжеза төраганын орун басарлыгынан кетти

Жогорку Кеңеш 19 февраль 2026 16:22
Карим Ханжеза төраганын орун басарлыгынан кетти
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Карим Ханжеза өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырып жатканын билдирди.

Эл өкүлү депутаттарга көрсөтүлгөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай чечим жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.