Кардиохирургиядагы өрт. Саламаттык сактоо министри эвакуацияланган бейтаптардан кабар алды

Ден соолук Загрузка... 12 Февраль 2025 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Саламаттык сактоо министри эвакуацияланган бейтаптардан кабар алды.

Ведомстводон билдиришкендей, Эркин Чечейбаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптарга барып, алардын абалы менен таанышты.

Ошондой эле медицина кызматкерлери менен баарлашып, дарылоонун жүрүшүн талкуулады.

Саламаттык сактоо министри өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бейтаптарды бардык зарыл нерселер менен камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.