Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зоопарк 1987-жылы ачылган. Аянты 9 гектарды түзөт. Учурда зоопарк 3 гектарын ээлеп турат. 2013-жылдан бери зоопаркты “Бугу Эне” коомдук фондусу иштетип келет.

Бул ирет “Кабар” агенттигинин журналисттери айбанаттар бакчасына баш багып, жаныбарлар жана канаттууларды жеринен көрдү.

Каракол шаарындагы зоопарктагы жаныбарлар жана канаттуулардын саны 200дөн ашат. Алардын кырктан ашык түрү бар. “Бугу Эне” коомдук фондусунун жетекчиси, зоопарктын директору Салтанат Сеитованын айтымында, зоопаркка мыйзамсыз кармалган, жарадар болгон жаныбарлар жана канаттуулар көп келет. Айрымдары дарылануудан кийин кайра жаратылышка кое берилет.

“Зоопарктын жашоочуларына ондон ашык адис кам көрөт. Алар жайында эки маал, күзүндө үч маал тамактандырылып, жер-жемиш, эт, ботко берилет. Жаныбарлар түлөп баштаган кезде жүдөй түшүшөт жана бир аз салмагын жоготот. Ошондуктан аларды арыктап, каралбай калды деп айтууга болбойт. Түлөө бул биологиялык процесс”, - дейт Салтанат Сеитова.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен атайын каражат бөлүнүп, жакында эле зоопарк ремонттолгонун айтты.

“Президент Садыр Жапаров келип, зоопаркты өз көзү менен көрүп, жардамга муктаж экенибизди карап, ремонт иштерине каражат бөлүп берген. Ошонун аркасы менен жакшы иштер жүрүп, жан-жаныбарларга жана биздин зоопаркты көргөнү келген адамдарга шарттарды түздүк. Бир жыл иштеген жокпуз, жабык болду. 2016-жылдан бери биз зоопарктардын эл аралык ассоциациясына мүчө болуп киргенбиз. 1-июлда ачылыш аземибизге бир катар мамлекеттерден өкүлдөр жана адистер келишти. Алар жаныбарлардын жана канаттуулардын абалын көрүп, бардык иштер стандартарга ылайык жасалып жатканын айтышты”, - дейт зоопарктын директору.

Салтанат Сеитова белгилегендей, учурда зоопаркты толук реконструкциялоодон өткөрүү боюнча долбоор даярдалууда.

“Зоопарктын жалпы аянты 9 гектарга жетет. Бирок азыр зоопарктын жайгашкан аймагы 3 гектарды түзөт. Биз бул жерди толук пайдалана элекпиз. Учурда инвестор издеп жатабыз. Реконструкциялоо долбоорлорун даярдап жатабыз. Башка зоопарктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин зоопарктагы жан-жаныбарлар жана канаттаттуулардын түрүн көбөйткөнгө аракет кылуудабыз. Ага чейин шарттарды жакшыртышыбыз керек. Бул иштер көп каражатты талап кылат”, - деди ал.

Зоопарк Караколго келген ички жана тышкы туристтер баш бага турган жайлардын бири болгондуктан жаратылышка аяр мамиле кылып, курчап турган айлана-чөйрөнүн, жан-жаныбарларды жана канаттуулардын баалуулугун эске салып турат.

Зоопаркка кирүү билетинин баасы чоңдорго – 250 сом, 5-12 жашка чейинки балдарга – 150 сом, 5 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз, пенсионерлерге (күбөлүк көрсөтсө) – 150 сом.