Караколдо көп профилдүү медициналык борбор ачылат

Аймак 732 12 Декабрь 2025 11:50
597637342_1271621398336869_1874827758110450291_n.jpg
597892677_1271621455003530_6961141082707690591_n.jpg
597458483_1271621408336868_6297542180117116991_n (1).jpg
Алдыга
Артка
597637342_1271621398336869_1874827758110450291_n.jpg
597892677_1271621455003530_6961141082707690591_n.jpg
597458483_1271621408336868_6297542180117116991_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда көп профилдүү медициналык борбор ачылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү дарыгер жеке медициналык борбор куруу максатында фондго долбоор жазып кайрылган. Байкоочу кеңеш долбоорду карап чыгып, ишкерге 30 млн сом пайызсыз насыя бөлүп берүү чечимин кабыл алган.

Борбордо бейтаптарга жогорку технологиялык жардамдар, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтар, ошондой эле чукул жана пландаштырылган хирургиялык операциялар жасалат.

Эки кабаттан турган имарат операциялык блок, стационардык бөлмөлөр, эмкана жана таануу бөлмөлөрүнөн турат. Жалпысынан 20дан ашуун жаңы жумуш орундары тузүлмөкчү. Бүгүнкү күндө имараттын ички-тышкы жасалгалоо иштери жүрүп, тийиштүү медициналык жабдуулар сатылып алынууда.