"Каракөл" ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүп жатат

Коом 4 март 2025 12:56
09a89b73-0352-47b4-81d0-b5c5a8b36960.jpg
1d9ad089-a00a-455b-a0b8-8b5927c98620.jpg
4a164dbe-50d2-4ea1-bb87-d1c4d0e23313.jpg
5d398b53-2ecc-4af1-ad29-af10372924a6.jpg
7e10b1e0-71b3-48c7-a10b-16da6430478c.jpg
535a723a-e131-4b78-a81b-f6aee61a0bde.jpg
Алдыга
Артка
09a89b73-0352-47b4-81d0-b5c5a8b36960.jpg
1d9ad089-a00a-455b-a0b8-8b5927c98620.jpg
4a164dbe-50d2-4ea1-bb87-d1c4d0e23313.jpg
5d398b53-2ecc-4af1-ad29-af10372924a6.jpg
7e10b1e0-71b3-48c7-a10b-16da6430478c.jpg
535a723a-e131-4b78-a81b-f6aee61a0bde.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААКка таандык "Каракөл" ГЭСинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу дарыясында Каракөл шаарына жакын жайгашкан ГЭСтин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/с болмокчу.

Буга чейин аткарылган иштер:

  • суу алуучу башкы түйүндүн курулуш-монтаждоо иштери аяктады;
  • станция имаратынын I-IV ярустарына бетон куюу иштери аяктады.

Учурда жүрүп жаткан иштер:

  • станция имаратынын V ярусунун бетон куюу иштери жүрүүдө;
  • диаметри 2200 мм болгон түтүктөрдүн секциялары даярдалууда, 916 п.м. обечайка жасалды;
  • түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүп жатат, жалпысынан 790 п.м. түтүк орнотулду; таянычтарга жана бурулуш кудуктарына 880 м³ темир-бетон куюлду;
  • 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ОРУ) аянтын даярдоо жана көмөкчордонду жерге туташтыруу боюнча жер казуу иштери жүргүзүлүүдө;
  • курулуш аянтына №1 жана №2 Гидротурбиналардын орнотуу үчүн төмөнкү керектелүүчү жабдуулар жеткирилди: сордуруучу түтүк, спиралдык камера, дисктүү жапкыч.

Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: 2009-жылдын 6-август айында "Чакан ГЭС" ААКтын жалпы чогулушунун чечими менен "Каракөл ГЭС" ААК түзүлгөн.

2023-жылдын 16-июнь айында "Каракөл ГЭС" ААК менен "Жагалмай" ЖЧК ортосунда чакан ГЭСтин курулушу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган.

Долбоордун инвестору жана башкы подрядчысы – "Жагалмай" ЖЧК.
Курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аякташы пландалууда.