Кара-Сууда эки кабаттуу имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 04 Апрель 2025 10:43
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансынан мыйзамсыз чыгарылган эки кабаттуу имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кыймылсыз мүлк мыйзамсыз алынган жана жеке менчикке чыгып кеткен мамлекеттик объекттерди жана жер тилкелерин аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында кайтарылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2004-жылы Кара-Суу раймамадминистрациясынын айрым кызмат адамдары администрациясынын аймагында жайгашкан жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөк көрсөткөнү аныкталган. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган жерге эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имарат менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.