Канттын дүйнөлүк баасы 2025-жылдын майынан берки эң жогорку чекке жетти

Дүйнө 175 19 Август 2026 12:55
2072010153_0_0_3076.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Канттын дүйнөлүк баасы 2025-жылдын май айынан берки эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу ICE Futures биржасынын маалыматтарында кабарланат.

РИА Новости билдиргендей, канттын октябрь айындагы (жакынкы) фьючерсинин баасы 4,09 пайызга жогорулап, бир фунту 17,56 центти түздү.

Соода-сатыктын жүрүшүндө эң жогорку көрсөткүч 17,58 центке чейин жетип, бул 2025-жылдын 22-майынан берки рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Август айынын башынан бери канттын баасы жалпысынан 19 пайызга кымбаттады.