Канат Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 25 август 2025 15:25
Канат Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эмгек министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Канат Сагынбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.