Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Канадада токойдогу өрттүн кесепетинен эки адам көз жумду. Бул тууралуу Известия CTV телеканалына таянып билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Манитоба провинциясындагы токойдогу өрттүн аянтты 100 миң гектарга жетти.
Эки адамдын сөөгү 13-майда Лак-дю-Бонне округундагы Wendigo Road районунда табылган.
Миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Буга чейин 23-апрелде Американын Нью-Жерси штатынын Оушен округунда токойдогу өрттөн улам 3,5 миң адам эвакуацияланды. Расмий маалыматтарга ылайык, 1320 имарат коркунучта турат. Учурда тилсиз жоо каптаган жердин 10% аянты чектөөгө алынды.