Канадада 400дөн ашык турак жай токойдогу өрттө күйүп кетти

Дүйнө 4 июнь 2025 10:10
Канадада 400дөн ашык турак жай токойдогу өрттө күйүп кетти

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Канадада 400дөн ашык турак жай токойдогу өрттө күйүп кетти. Бул тууралуу Известия CBC телеканалына таянып кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, Канаданын Саскачеван провинциясындагы тилсиз жоодон улам 9 миң адам эвакуацияланды. Жакынкы күндөрү бул сан 15 миң кишиге жетери айтылууда.

Саскачевандын Коомдук коопсуздук агенттиги (SPSA) билдиргендей, 3-июнга карата провинцияда 21 өрт катталды, анын ичинен сегизи чектөөгө алына элек.

Буга чейин Альберта, Манитоба жана Саскачеван провинцияларынан 25 миң жашоочу үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган эле.