Канадада 360 миңден ашуун жашоочу катуу шамалдан улам жарыксыз калды

Дүйнө Загрузка... 31 Март 2025 14:30
WhatsApp Image 2025-03-31 at 11.37.42.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Канадада 360 миңден ашуун жашоочу катуу шамалдан улам жарыксыз калды. Бул тууралуу Известия Канаданын CBC телеканалы кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, электр энергиясынын өчүрүлүшү Онтарио провинциясынын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө болгон.

Канаданын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин метеорологу Кристина Кречман билдиргендей, катуу шамалда кулаган бак-дарактар инфраструктура объекттерин, анын ичинде үйлөргө жана электр мамыларына зыян келтирген.

Учурда адистер электр жабдууларын калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө. Питерборо шаарында өзгөчө абал режими жарыяланып, жабырлануучуларды кабыл алуу пункттары ачылды.

CBS News телеканалы буга чейин 15-мартта АКШнын чыгышында катуу шамалдын кесепетинен 18 адам каза таап, ондогон үйлөр жабыркаганын маалымдаган эле.