Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бүгүн Камерунда президенттик жарыш расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик кызмат орду үчүн 12 талапкер, анын ичинде бир аял, ат салышууда. Үгүт өнөктүгү эки жумага созулуп, 12-октябрда өтө турган президенттик шайлоо менен жыйынтыкталат.
Учурдагы президент, бийликтеги Камерун Элдик-Демократиялык Кыймылынын лидери Пол Бия 43 жылдык башкаруусун дагы жети жылга узартууга аракет кылууда.
Башкы атаандаш катары Социал-демократиялык фронттун талапкери Жошуа Осих каралууда.