Камчыбек Ташиев "Чемпион" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышты

Коом 10 февраль 2025 09:53
1_sDfMUnD.original.jpg
2_aK3333y.original.jpg
3y_oSJp8nD.original.jpg
4_RoB4r1y.original.jpg
5_dWusVlk.original.jpg
6_3ifJ4Nz.original.jpg
7_Zf2Hpy5.original.jpg
Алдыга
Артка
1_sDfMUnD.original.jpg
2_aK3333y.original.jpg
3y_oSJp8nD.original.jpg
4_RoB4r1y.original.jpg
5_dWusVlk.original.jpg
6_3ifJ4Nz.original.jpg
7_Zf2Hpy5.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев КФБнын колдоосу менен тартылган "Чемпион" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышты.

Футбол биримдигинен билдиришкендей, тасманын максаты кыргыз футболунун келечегине үмүт жаратуу болуп саналат.

Сюжет боюнча тасма Ысык-Көлдүн жээгиндеги чакан айылда тартылган. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын беттешин көргөн айыл тургундарынын көңүлү калып, кыргыз футболунун келечегине ишеним жоголот. Бирок, ошол эле учурда КР президентинин жарлыгы менен балдар арасында футбол боюнча чемпионат уюштурулат.

Майыптыгы бар Актилек аттуу бала майыптуулугуна карабай өзүнүн футбол тууралуу кыялын ишке ашырып, командасынын жеңишке жетүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңет.

Тасманын режиссеру - Эрмек Казыбеков, продюсеры - Жыргалбек Кеней жана Болот Сагыналиев.