"Эрезе" тасмасы Бразилиядагы эл аралык кинофестивалга тандалды

Маданият 13 октябрь 2026 15:20
"Эрезе" тасмасы Бразилиядагы эл аралык кинофестивалга тандалды
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Режиссёр жана сценарист Наргиза Дотиеванын "Эрезе" көркөм тасмасы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган 50-эл аралык кинофестивалдын программасына тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

"Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси тарткан тасма 15-29-октябрь күндөрү өтө турган фестивалда көрсөтүлөт.

Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн 380 тасма көрүүчүлөргө сунушталат.