Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Куттуктап келгенге тыюу салдым. Мындай билдирүүсүн саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Эркин Чечейбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Камчы менен калпактар жетиштүү. Куттуктап келгенге тыюу салдым. Убактыңызды баалаңыз",-деп жазган ал.
Эске салсак, Эркин Чечейбаев Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.