Камчаткадагы Шивелуч вулканынан чыккан күл 300 чакырымга чейин тарады

Дүйнө Загрузка... 25 Сентябрь 2025 08:55
355ea0b6-5f86-4b97-80e5-11ee8c1afd79.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Камчаткадагы Шивелуч вулканынан чыккан күл 3,5 чакырымга чейин көтөрүлүп, чыгышты көздөй 300 чакырымга чейин тарады. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, кайра көтөрүлгөн күл тыгыз тилке болуп жайылып, аба каттамдары үчүн коркунуч жаратууда. Авиация үчүн эскертүү түсү – кызгылт сары.

Шивелуч – активдүү вулкан болуп саналат. Ал байыркы жана азыркы жаш Шивелуч деген эки бөлүктөн турат. Жанартоо болжол менен 60–70 миң жылдан бери бар. Ал Ключи айылынын чыгышында 50 чакырым аралыкта, Петропавловск-Камчатский шаарынан 450 чакырым алыстыкта жайгашкан.