Камчаткадагы Ключевской вулканы 10 чакырым бийиктикке чейин күл чачыратты

Дүйнө Загрузка... 08 Август 2025 14:35
WhatsApp Image 2025-08-08 at 11.04.28.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Камчаткадагы Ключевской вулканы10 чакырым бийиктикке чейин күл чачыратты. Бул тууралуу Вулканология жана сейсмология институтуна таянып, Риа новости агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, вулкан чыгарган күл аба мейкиндигинде чыгыш-түштүктү карай 650 чакырымга чейин тарады. Ошондой эле аталган аймакта аба каттамдары үчүн эң жогорку — кызыл деңгээлдеги кооптуулук жарыяланды.

Ключевской вулканы Камчаткадагы Ключи кыштагынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал 30-июлда болгон 8,8 баллдык жер титирөөдөн кийин атыла баштаган.