Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Камчаткада күчү 6,3 жана 6 баллдык эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматына таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, күчү 6,3 баллдык биринчи жер титирөө Петропавловск-Камчатскийден 214 км түштүк-чыгыш тарапта болуп, очогу 19,3 км тереңдикте жайгашты.
Кийинчерээк аталган аймакта дагы бир 6 баллдык жер титирөө катталып, ал Петропавловск-Камчатскийден 196 км түштүк-чыгышта болуп, очогу 21 км тереңдикте жайгашканы маалым болду.
Буга чейин Камчаткада бир сутка ичинде магнитудасы 5,5 баллдан 6,3 баллга чейинки 3 зилзала, ошондой эле 40тан ашуун афтершок катталганын адистер билдиришти.