Камчаткада хирургдар жер титирөөгө карабай операцияны улантышты

Дүйнө Загрузка... 30 Июль 2025 13:10
WhatsApp Image 2025-07-30 at 12.24.24.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Камчаткадагы онкологиялык диспансердин хирургдары күчү 8,7 баллга жеткен зилзала маалында дагы операцияны токтотпой, бейтапка ийгиликтүү медициналык жардам көрсөтө алышты. Бул тууралуу аймактык саламаттык сактоо министринин маалыматына таянып, ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, операция учурунда сезилген сейсмикалык толкундоолорго карабастан, медицина кызматкерлери сабырдуулукту сактап, ишин үзгүлтүксүз улантышкан. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов кырдаалда кесипкөйлүк жана эрдик көрсөткөн дарыгерлерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Эске салсак, 30-июль күнү Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул акыркы он жылдыктагы эң күчтүү зилзала болуп, анын айынан Чили менен Японияда цунами коркунучу жаралган.