Камчаткада бир суткада тогуз афтершок катталды

Дүйнө 13 ноябрь 2025 09:40
Камчаткада бир суткада тогуз афтершок катталды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Камчаткада бир суткада тогуз афтершок катталды. Бул тууралуу ТАССка Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка караганда, июль айында 8,8 баллга жеткен жер титирөөдөн кийинки афтершоктор Камчаткада уланууда.

"Сутка ичинде 4,9 баллга чейинки тогуз афтершок катталды. Алар калктуу конуштарда сезилген жок", - деп белгилешкен министрликтен.

Учурда аймактагы беш жанар тоодо активдүүлүк байкалууда.

Окумуштуулар жер титирөөлөр алардын айрымдарын кайрадан жандандырды деп эсептеп жатат.