Камчаткада бир сутка ичинде 20дан ашык афтершок катталды

Дүйнө Загрузка... 28 Август 2025 13:16
WhatsApp Image 2025-08-28 at 11.14.56.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.25 /Кабар/. Камчаткада бир сутка ичинде 24 афтершок катталып, алардын ичинен бирөө гана калктуу конуштарда сезилгенин аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып, ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 30-июлда Камчаткада күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин аймакта кайталама жер титирөөлөр уланууда. Бирок алардын саны дээрлик азайып, өткөн жумага салыштырмалуу 25 пайызга төмөндөгөн.

Ошондой эле аймактагы беш вулканда активдүүлүк байкалууда. Окумуштуулардын айтымында, алардын айрымдары жер титирөөлөрдөн улам ойгонгон болушу мүмкүн.