Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Камчаткада катары менен үч ирет жер титирөө болду. Зилзаланын эң катуусунун күчү 7,6 баллга жетти. Бул тууралуу 20-июлда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Камчатка крайы боюнча башкы башкармалыгы билдиргенин Известия жазды.
Маалыматка караганда, Тынч океандагы бир катар жер титирөөлөргө байланыштуу цунами коркунучу жарыяланган. Бийиктиги 60 сантиметрден ашпаган цунами толкуну Алеут муниципалдык округунда, бийиктиги 40 сантиметрден ашпаган Усть-Камчатск муниципалдык районунда, ал эми бийиктиги 15 сантиметрдей цунами Петропавловск-Камчатск шаардык округуна жакындашы мүмкүн деп айтылууда
Тынч океандагы жер титирөөнүн бири 13 чакырым тереңдикте болуп, күчү 7 баллга жеткен. Очогу Петропавловск-Камчатск шаардык округунан 167 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан, кээ бир райондордо 5 баллга чейин сезилген.
Дагы бир жер титирөө Петропавловск-Камчатсктан 115 чакырым чыгыш тарапта, 17 чакырым тереңдикте катталган. Күчү 7,6 баллга жеткени айтылды.
Ошол эле күнү эртең менен Филиппиндин жээгинде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзаланын очогу Баско муниципалитетинен 98,9 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.