Камчаткада 600 жыл тынч жаткан вулкан атылды

Дүйнө Загрузка... 05 Август 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-08-05 at 13.01.16.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 05.08.25 /Кабар/. Камчаткада соңку 600 жыл ичинде тынч жаткан Крашенинников вулканы күтүүсүздөн ойгонуп, атылып баштады. Бул тууралуу Рамблер агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, учурда ал кратеринен жогору карай 6 чакырымга чейин күл жана газ чачыратып жатат. Бул анын өз бийиктигинен үч эсе көп дегенди билдирет.

Камчаткадагы вулкандар боюнча жооптуу адис Ольга Гиринанын айтуусу боюнча Крашенинниковдун акыркы активдүүлүгү 13–14-кылымдарга туура келет.

Учурда вулкан үстүндө аба каттамдары үчүн "кызгылт сары" кооптуу деңгээли жарыяланып, учак компанияларына эскертүү берилди. Адистер кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жатышат.

30-июлда аймакта болгон 8,7 баллдык жер титирөөдөн кийин бир нече вулкан козголуп, Тынч океандын жээгинде жайгашкан айрым өлкөлөрдө цунами коркунучу жаралган.

Камчатка тилкесинде жалпысынан 29 активдүү вулкан бар.