Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Камчаткада 5,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аймактык башкы башкармалыгынан билдиришкенин, Известия кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5,8 баллдык жердин силкинүүсү Тынч океанынын акваториясында, Камчаткадан анча алыс эмес жерде болгон.
Зилзаланын очогу Петропавловск-Камчатскийден түндүк-чыгышта 50,3 чакырым тереңдикте катталды.
Россиянын илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалынын маалыматы боюнча, айрым райондордо жер титирөөнүн күчү 3–4 баллды түздү.
13-сентябрда Россиянын ӨКМинин башкы башкармалыгы Тынч океанда күчү 7 баллдык зилзала болгонун маалымдаган.