Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун сактоочу маанилүү долбоор - Йозеф Сикела

Коом Загрузка... 17 Март 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. "Камбар-Ата-1" ГЭСи Кыргызстандын келечектеги энергетикалык секторун, энергетикалык коопсуздугун сактоочу маанилүү трансформативдүү долбоор. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела билдирди.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстанда суу ресурстарын жакшыртууга жана башка бир катар долбоорлор боюнча иликтөө жүргүзүп, колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карай тургандыгын белгиледи.

"Кыргызстандагы суу ресурс өлкөнүн гана байлыгы эмес, бүтүндөй аймак үчүн негизги ресурс катары чоң мааниге ээ. Улуу Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөр, андан келген дарыялар өлкөнүн чоң байлыгы. Кыргызстанды жаратылыш ушундай бай ресурстар менен камсыз кылган. Бирок, ошол эле учурда бул чоң жоопкерчилик. Ошондуктан биз суу ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча программаларды ишке киргизүүдөбүз. Бул Европа Биримдиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы бирдиктүү демилге.

ЕРӨБдүн колдоосу менен ирригациялык системаларды жакшыртуу, суу ресурстарын рационалдуу колдонуу жана айыл чарба секторун өнүктүрүү бүгүнкү күндө маанилүү. Өлкөдө көптөгөн үй чарбалар фермерлик менен алектенишет. Булар келечектин инвестициялары болуп саналат. Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа Инвестициялык Банкы менен биргеликте Борбордук Азия менен Түштүк Азияны электр соода тармактары аркылуу байланыштырган CASA-1000 долбоорун аткаруудабыз", - деди Йозеф Сикела.

Ошондой эле еврокомиссар жалпы адамдарга, экономикага жана айлана-чөйрөгө пайда алып келе турган кызматташтыкты орнотууну, мындан аркы кызматташтыктыктын улануусун чыдамсыздык менен күтөөрүн белгиледи.

Эске салсак, бүгүн Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела президент Садыр Жапаров менен жолугушкан.