Камбар-Ата-1 ГЭСи: Курулуштун негизги этабына өтүүгө даярдык көрүлүүдө

Экономика Загрузка... 09 Июль 2025 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун негизги этабына өтүү үчүн талап кылынган даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • унаа жолдорду куруу иштери 60%га;
  • транспорттук тоннелди куруу толугу менен бүткөрүлдү;
  • тоннелдин ичиндеги жолду бетондоо 93%га;
  • Нарын дарыясынын оң жээгине өтүү үчүн көпүрө куруу иштери 20%га;
  • ВЛ-110кВ жана көмөк чордонду куруу 77%га;
  • жумушчулар үчүн вахталык шаарчаны куруу 30%га бүткөрүлдү.

Бул инфраструктуралык иштер Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна өтүү үчүн бекем база түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу келечегине өбөлгө болот.

Белгиленгендей, энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында Энергетика министрлиги маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду активдүү жүзөгө ашырууда. Алардын ичинен эң ириси — улуттук мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу.