Калыс: Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши — талыкпаган эмгектин жыйынтыгы

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 12:45
Калыс: Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши — талыкпаган эмгектин жыйынтыгы
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы Казакстандын командасын 12:0 эсебинде жеңип, жеңишке жетти.

Улуттук даражадагы калыс Руслан Чокоевдин айтымында, кыргыз улакчылары мелдешке Чолпон-Ата шаарында эки ай бою даярданышкан. Жалпысынан 24 оюнчунун ичинен 12 улакчы негизги курамга тандалып алынган.

Оюндун жүрүшүндө Нуржан Мелисбек уулу 3, Кыяс Ниязов 2, Мирбек Муташев 2 улак салып, командасынын жеңишине салым кошту. Калган улактарды башка оюнчулар киргизишти.

Руслан Чокоев белгилегендей, 35 килограммдык улакты ат үстүндө жерден көтөрүп, тайказанга салуу оюнчудан жогорку чеберчиликти, физикалык даярдыкты жана кайраттуулукту талап кылат.

Кыргызстандыктардын жеңиши трибуналарда кызуу колдоого алынып, күйөрмандардын өзгөчө кубанычын жаратты.