"Калмаэги" тайфуну Вьетнамдагы кофе плантацияларына зыян келтириши мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 07 Ноябрь 2025 13:45
WhatsApp Image 2025-11-07 at 12.59.48.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. "Калмаэги" тайфуну буга чейин Филиппинди каптап өтүп эми Вьетнамга жетти. Ал андагы кофе плантацияларына олуттуу зыян келтириши мүмкүн экендигин Bloomberg агенттигине таянып, ТАСС жазды.

Маалыматта белгиленгендей, катуу шамал кофе дарактарын жыгып, ал эми катуу жаан анын мөмөлөрүн күүп кетиши ыктымал.

StoneX финансылык компаниясынын өкүлү Даррен Стетцель кофе тармагындагы мындай үзгүлтүктөр анын баасынын жогорулашына жана башка өлкөлөргө жеткирүүнүн туруктуулугу боюнча кооптонууларга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Вьетнам дүйнөдөгү кофе өндүрүү жана экспорттоо боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле кофе плантацияларынын көлөмү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат жана негизинен робуста сортундагы кофенин эң ири өндүрүүчүсү бойдон калууда.

2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында кофе Вьетнамдын айыл чарба жана өнөр жай продукциясынын экспорту боюнча негизги орунду ээлеген. Ошондой эле алты айдын ичинде эле быйылкы жылга коюлган кофе экспорту боюнча баштапкы максат делген - 5,5 миллиард доллар көрсөткүчүнө жеткен.