Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Калифорнияда учак кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарындагы аэропорттон анча алыс эмес жерде Cessna 550 жеңил моторлуу учак кулаганда сегиз киши жабыркап, эки адам көз жумду.
АКШнын Жарандык авиация федералдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, Транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук кеңеш менен биргеликте кырсыктын себептери иликтенет.