Калифорнияда Окленд музейинен миңден ашык артефакт уурдалды

Дүйнө Загрузка... 31 Октябрь 2025 09:24
b9b74db1-5e26-497b-8daa-3539d5a7858b.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Калифорнияда Окленд музейинен миңден ашык артефакт уурдалды. Бул тууралуу Известия The New York Post (NYP) гезити кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар индиялык уруулардын себеттерин, зер буюмдары жана башка баалуу буюмдарды уурдап кетишкен.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, каракчылык 15-октябрдын түнүндө болгон.

Имарат байкоо камералары жана сигнализация системасы менен жабдылган, бирок уурулук учурунда кызматкерлер иштеген эмес.

Эске салсак, Франциянын маданият министри Рачида Дати Луврдагы каракчылык болгонун 19-октябрда жарыялаган. Анда император Наполеон IIIтүн аялына таандык сынган таажы музейден анча алыс эмес жерде табылган.

Лувр музейи каракчылыктан үч күндөн кийин кайра ачылган. Тергөөчүлөр кароолчунун кылмышка тиешеси бар экенин аныкташкан. Дагы төрт адам изделүүдө.