Бишкек, 03.07.25 /Кабар/. Бүгүн Улуттук тарых музейинде «Руханият» эл аралык ассоциациясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйындын алкагында драматург, КР эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев аталган ассоциациянын президенти болуп дайындалды.
Иш-чарага ассоциациянын кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимий жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышты. Алардын арасында КР Баатырлары Апас Жумагулов, Миталип Мамытов, Медеткан Шеримкулов, «Манас» орденинин ээси Кемел Ашыралиев, академиктер Абдылдажан Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Бектемир Мурзубраимов, Алтай Бөрүбаев, профессорлор Роза Айтматова, Кадыралы Конкобаев, Жылдыз Бакашева, КР эл артисти Дарика Жалгасынова, Керим Турапов, Рыспай Исаков, КР эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, КР эл акындары Кожогелди Култегин, Маркабай Ааматов, Рахматулла Козукеев сөз сүйлөшүп, ассоциациянын ишмердүүлүгүнө сунуштарын айтышты.
Жыйында руханий баалуулуктар, улуттук мурастарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери көтөрүлүп, Кайрат Иманалиевдин жаңы кызматтагы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалашты.