Кайракы жерден мол түшүм: Сузакта ата мекендик буудай сорту сыноодон өтүүдө

Аймак Загрузка... 06 Июль 2026 15:30
1694753351_672094717.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында кайракы жерлерде ата мекендик "Эритросперум 760" күздүк буудай сортун заманбап агротехнологияларды колдонуу менен өстүрүү боюнча практикалык семинар өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул тажрыйбанын негизги максаты аталган буудай сортунун аймактын кургакчыл климатына ылайыкташуусун баалоо, түшүмдүүлүгүн жана жагымсыз шарттарга туруктуулугун аныктоо болуп саналат.

"Өткөн жылдын күзүндө негизделген бул тажрыйба аянтына буудай себилер алдында адистер топурактын агрохимиялык анализин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы менен жерге фосфордук, калийлик жана азоттук жер семирткичтер илимий негизде, керектүү өлчөмдө берилген. Ошондой эле топуракты даярдоо, себүүнүн оптималдуу мөөнөттөрү жана ченемдери так сакталган", - деп айтылат маалыматта.

Семинардын катышуучуларына эгиндин учурдагы абалы жана өсүмдүктөрдүн өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары көрсөтүлдү.

Түшүм жыйноо иштери аяктагандан кийин дандын сапаты, сортту өстүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугу изилденип, аны Жалал-Абад облусунун кайракы жерлерине кеңири жайылтуу боюнча акыркы жыйынтык чыгарылат.