Азык-түлүк коопсуздугу — бул өлкөнүн ар бир жаранынын сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен туруктуу негизде камсыз болуусу.
2024-жылы Кыргызстан негизги деп эсептелинген 9 азык-түлүктүн алтоосу менен өзүн-өзү толук камсыздаган болсо, быйыл 5 азык-түлүк менен толук камсыздалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну улуттук артыкчылыктуу багыт деп эсептейт жана учурда бул жаатта бир катар багыттар боюнча иштер аткарылууда.
Чекирбаевдин айтымында, норма боюнча өлкөнүн азык-түлүк менен камсыздалуусу төмөнкүдөй:
- нан – 83 пайыз;
- картошка – 164 пайыз;
- жер-жемиш – 207 пайыз;
- уй, кой эти – 100 пайыз;
- тооктун эти – 74 пайыз;
- сүт – 128 пайыз;
- кумшекер – 69 пайыз;
- суу май – 61 пайыз;
- жумуртка – 74 пайыз.
“Былтыр кант кызылчасынын түшүмү мол болуп, кумшекер менен өлкөнү толук камсыздаганбыз. Быйыл климаттык өзгөчөлүктөргө байланыштуу кант кызылчасынын түшүмү аз болгондуктан өлкөнү кумшекер менен камсыздоо 69 пайыз деп күтүлүүдө. Ошондой эле үч багыт – өсүмдүк майы, буудай жана тоок эти – боюнча импортко көз карандылык сакталууда.

Мындан тышкары, жумуртка менен камсыздоо расмий түрдө 74 пайыз дегенибиз менен түштүк аймактарда жеке ишканалар жакшы иштешти. Ассоциациялар биз дээрлик толук камсыздоого жеттик деп жатышат.
Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө сөз кылганда сугат сууга байланыштуу маселени айтпай кетүүгө болбойт. Суу болбосо өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү азайып, бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул багытта суу сактагычтарды, каналдарды куруу, реконструкциялоо жана башка ирригациялык тармактар үчүн бюджеттен 5 млрд сом бөлүнүп, алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө", - деди ал.
Учурда Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, айыл чарба кооперациясын күчөтүү жана ири ишканаларды түзүү аркылуу өндүрүштүн көлөмүн жана сапатын жогорулатуу аракеттери көрүлүүдө.
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев "Кыргыз бройлер" ЖЧКсынын жаңы өндүрүш аянтчасынын ачылыш аземине катышып, өлкө өзүн-өзү жумуртка менен камсыз кылуу деңгээлине жетишкенин айтты.
"Учурда "Кыргыз бройлер" ишканасы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул 30 миң тонна тоок этин өндүрөбүз дегенди билдирет. Бул мамлекет үчүн маанилүү кадам, анткени ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан боюнча жумуртка менен камсыз кылуу деңгээлине жетиштик", — деди ал.
Ошол эле күнү Кемин шаарында "Агро Куш" ЖЧКсынын бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө багытталган "Кемин" заманбап канаттуулар чарбасынын курулушуна капсула салынды. Компанияда 600дөн ашык жумушчу иштейт, алардын басымдуу бөлүгү жакынкы калктуу конуштардын тургундары.

"Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоору — бул компаниянын учурдагы кубаттуулуктарын кеңейтүүгө багытталган ири инвестициялык долбоор. Ал Кемин районунда жаңы инкубаторийди, тоок өстүрүүчү аянттарды, канаттуулар үчүн тоют чыгаруучу заводду жана даяр продукцияны сактоочу кампаны курууну камтыйт.
Комплекс ишке берилгенден кийин компаниянын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 29 пайызга көбөйүп, жылына болжол менен 15 миң тонна тоок этине жетет. Бул 10 миллиондон ашык бройлер тоокко барабар. Ал эми байытылган жем өндүрүшүнүн көлөмү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин өсөт.
Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, акыркы жылдары өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу бир кыйла жакшырды.

“Буга чейин көп жылдар бою биз өзүбүздү-өзүбүз 3 гана продукция менен камсыздап келгенбиз, алар сүт, жашылча, картошка. Акыркы жылдары азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, чечкиндүү кадамдар жасалды. Анын натыйжасында өзүбүздү 5-6 продукция менен камсыздап жатабыз. Өзүбүздү-өзүбүз камсыздоо дегенибиз бул Кыргызстанда өндүрүлгөн, сапаттуу жана арзан азыктар менен камсыздоо дегендик. Бирок, негизги азык-түлүк болгон буудай менен майды импорттоп, бюджетибизге оорчулук келтирип жатабыз. Бизде буларды деле өстүрүп, өзүбүздү-өзүбүз камсыздоого толук шартыбыз бар. Импорттогон товарлар бир жагынан кымбат болуп, калк үчүн кошумча каражатты талап кылса, экинчи жагынан кандайдыр бир себептерден улам импорт токтоп калса, азык-түлүк коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратат. Ошондуктан, жакынкы жылдары биз бардык ресурстарды колдонуу менен негизги азык-түлүктөр менен өзүбүздү-өзүбүз толук камсыздай баштайбыз”, - деген ишенимин билдирди Акималиев.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы Бакыт Орозакунов белгилегендей, 2025-жылга карата министрлик тарабынан экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү тармагында 63 жаңы ишкананын ачылышы пландалган.
“Аталган долбоорлордун жалпы инвестициялык суммасы 29 млрд 665 млн 200 миң сомду түзөт. Мунун негизинде 3 731 жаңы жумуш орундарын түзүү каралган. Учурда пландалган ишканалардын 31и пайдаланууга берилип, ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми калган ишканалар жыл аягына чейин ачылары күтүлүүдө.
Бул ишканалардын ийгиликтүү иштөөсү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет. Себеби, пландалган соода-логистикалык жана кайра иштетүү ишканалары, сактоо кампаларынын курулушу азык-түлүк продукциясынын сактоо мөөнөтүн узартып, айыл чарба продукцияларын жоготуу тобокелдигин кыскартат. Аталган объекттер экспорттук инфраструктураны жакшыртууга гана эмес, импорттун көлөмүн азайтуу, ички ата мекендик өндүрүштү колдоо менен өлкөнүн ички керектөөсүн жабууга багытталган”, - деди Орозакунов.
Экономист Кубан Чороев акыркы жылдары аймактарда кайра иштетүү ишканаларынын ачылышы — бул Кыргызстандын экономикасынын структуралык өнүгүүсүндөгү эң маанилүү жана позитивдүү багыттардын бири экенин белгилейт.

"Анткени, мындай ишканалар бир эле учурда үч стратегиялык маселени чечүүгө өбөлгө түзөт.
Биринчиден, азык-түлүк коопсуздугу
Өлкө ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү — импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жергиликтүү рынокту өз продукциябыз менен камсыз кылат жана сактоо мөөнөтүн узартат. Бул, айрыкча сезондук баалардын өзгөрүшүнө каршы турууда чоң роль ойнойт.
Экинчиден, региондордун экономикалык жанданышы
Кайра иштетүү ишканалары — бул аймактык экономика үчүн мультипликативдүү эффект жараткан механизм. Ар бир ачылган ишкана айланасында жаңы жумуш орундары, кызмат көрсөтүү тармактары, чакан бизнес түйүндөрү пайда болот. Бул миграцияны азайтып, элдин кирешесин көбөйтөт.
Үчүнчүдөн, экспорттук потенциал жана валюта түшүмү
Эгер биз продукцияны чийки түрүндө эмес, кошумча наркы жогору даяр продукция катары сатсак — бул өлкөнүн экспорттук кирешесин бир нече эсеге жогорулатат. Мисалы, кургатылган мөмө-жемиш, эт, сүт жана текстиль продукциялары чет өлкөдө чоң суроо-талапка ээ.
Жыйынтыктап айтканда, аймактардагы кайра иштетүү ишканалары — бул жөн эле өндүрүш эмес, бул экономиканын диверсификациясынын жана улуттук коопсуздуктун негизи. Ошондуктан мамлекет тарабынан мындай ишканаларга жеңилдетилген кредиттик жана салыктык шарттардын улантылышы өтө маанилүү", - деди Чороев.