Каирде элчи Аширбеков Аль-Азхардын шейхи менен жолугушту

Коом 8 октябрь 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-10-06 at 18.33.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 18.33.37.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 18.33.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 18.33.37.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Каир шаарында Кыргызстандын Египеттеги элчиси Талгат Аширбеков Аль-Азхардын шейхи, Улуу имам Ахмад Ат-Тайеб менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, Жолугушууда тараптар руханий жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашырууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин ырасташты.

Белгилей кетчү нерсе, Аль-Азхар Аш-Шариф - дүйнөдөгү эң байыркы ислам билим берүү жана илим борборлорунун бири, 970-972-жылдары Каир шаарында негизделген. Аль-Азхар университети ислам билим берүүсүнүн өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт. Учурда окуу жайда ислам илимдери боюнча гана эмес, башка багыттар боюнча да адистерди даярдайт. Аль-Азхар университетинде дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын студенттери билим алышат.