Кадамжайлык дыйкан буудайдын артынан түрп эгип, эки жолу түшүм алган

Аймак Загрузка... 19 Февраль 2026 11:25
634899645_122203239620341273_1040160162558031296_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Кадамжай районунан келген дыйкан 31 гектар жерге буудай эгип, мол түшүм алган соң, артынан түрп өстүрүп, жогорку жыйынтыкка жетишкен. Бул тууралуу "Агродиалог–2026" форумунда белгилүү болду.

Эки этаптуу айдоо ыкмасын ийгиликтүү колдонуп, жогорку түшүм алган дыйкан быйыл чемпиондордун катарын толуктады.

Ал форум дыйкандар үчүн абдан пайдалуу экенин баса белгиледи.

“Былтыр көрүүчү болуп келгем. Быйыл чемпион болуп келдим. "Агродиалог" форумунун дыйкандарга пайдалууу жактары - тажрыйба алмашуу, билбеген көп нерселерди үйрөнүү жана ошондой эле кооператив аркылуу жеңилдетилген насыяларды алуу”,-деди ал.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган форум Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.