Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Кадамжай шаарындагы "Жаштык" кинотеатрында оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Район акими Болот Баяке уулу имаратка барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Тиешелүү адистерге курулуштун сапатына көңүл буруп, иштерди өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.
Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин кинотеатр заманбап шарттарга ылайыкташып, шаар тургундары жана коноктору үчүн маданий жайлардын бири болот.
Учурда курулуш иштери уланууда.