Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Кадамжай районунун Айырбас айылында жайгашкан "Рахат-Тан" сүттү кайра иштетүүчү ишканасы кеңеет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ишкана 2017-жылы 8,5 млн сом насыя алып, Айыл чарба министрлигинин "30+20+10" программасынын алкагында өз ишмердүүлүгүн баштаган.
Учурда ишканада 5 туруктуу жумуш орду түзүлгөн. Өндүрүштүн кубаттуулугу күнүнө 1000 литр сүттү кайра иштетүүгө жетет. Сүттөн быштак, кефир, сметана, ак май жана түрдүү сырлар өндүрүлөт.
Ишкана "Кызыл-Кыя цемент заводу" (ЮКЦ) менен кызматташып, аталган ишкананы, ошондой эле мектеп, бала бакча сыяктуу билим берүү мекемелерин да өз продукциясы менен камсыздап келет.