Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимовдун Кадамжай районунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алардын арасында муниципалдык жабык бассейн, бала бакча жана 500 орундуу мектеп бар.
Мындан тышкары, райондо 4,2 миң гектар жерди өздөштүрүүгө багытталган "Алга кадам" долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Облус жетекчиси бардык объектилерде курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.