Кадамжайда жаңы шагыл майдалоочу цех ишин баштоодо

Аймак 10 Июль 2026 15:20
741475076_1566062384887211_678095723389572315_n.jpg
741827971_1566062498220533_7637470538707949637_n.jpg
741940475_1566062461553870_3278470590291727596_n.jpg
742254067_1566062381553878_8108128954157321047_n.jpg
742331004_1566062504887199_740515567615657208_n.jpg
742876277_1566062424887207_4644011621723089615_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кадамжайдын Гүлдүрөмө айылында жайгашкан "Ак-Өргө Курулуш" ЖЧКнын шагыл майдалоочу цехи ишин баштап, алгачкы продукциясын чыгарууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өндүрүш ишканасынын курулушу жеке инвестициянын эсебинен ишке ашырылып, анын жалпы сметалык баасы 300 миң долларды түздү.

Жергиликтүү бийлик тарабынан долбоорду ишке ашыруу үчүн ишкерге 3 гектар жер аянты ижарага берилген.

Ишкана саатына 100 тонна шагыл майдалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүлгөн курулуш материалдары ички рыноктун суроо-талабын камсыздоого, ошондой эле аймакта жүрүп жаткан курулуш иштерин сапаттуу материал менен камсыз кылууга багытталат.

Өндүруштүн ишке кириши менен 5 жаңы туруктуу жумуш орду түзүлдү. Бул жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга жана райондун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө өз салымын кошот.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, 2026-жылдын 31-августуна ачууга даярдоону тапшырды.