Кадамжайда тамчылатып сугаруу аркылуу 200 га жер өздөштүрүлөт

Аймак 26 Ноябрь 2025 10:16
587155533_1385973532896098_1453461144083254298_n.jpg
587439349_1385973549562763_5731954510311368796_n.jpg
588530743_1385973462896105_2902612598797784629_n.jpg
588767987_1385973442896107_6189122255224008836_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагында 200 гектар жерди өздөштүрүү пландалууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өздөштүрүү тамчылатып сугаруу аркылуу жүргүзүлөт. Ал үчүн эки кудук казылып, суу чыгарылды.

Учурда тамчылатып сугаруу системасын куруу үчүн керектүү суу түтүктөрү алып келинди.

Мындан сырткары, 6 миң кубга барабар бассейн курулат. Бул үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом каржыланды. Долбоорду жыл аягына чейин бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.