Бардык мамкызматтар бир жерде: Кадамжайда заманбап тейлөө борбору курулууда

Аймак 10 Июль 2026 11:20
741827884_1565917378235045_2659841097974427872_n.jpg
742077241_1565917448235038_3517887367547146163_n.jpg
742278030_1565917258235057_3062142443880021433_n.jpg
742606111_1565917161568400_8713461003005568666_n.jpg
742997756_1565917344901715_3716421453134452768_n.jpg
743081645_1565917231568393_2773054802043124355_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында Бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулушу жүрүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.

Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 100 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 10 млн сом бөлүнгөн.

Райондогу Социалдык фонд, Кадастр жана почта сыяктуу 14төн ашык мамлекеттик мекемени бир жерге топтоп, калкка ыңгайлуу шарт түзүп, жол тыгынын азайтат.

Имаратта 20 бирдиктүү терезе жана 1 гектарлык унаа токтотуучу жай болот.

Бул имараттын курулушу 1988-жылы оорукана катары башталып, токтоп калган. Эми ал толугу менен заманбап борборго айландырылууда.

Объекттин даярдыгы менен облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев таанышты. Ишкананы 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.