Кадамжайда баасы 265 млн сомго барабар мектептин курулушу уланууда

Аймак 27 Июль 2026 17:15
511680585_3458266147649893_2487777099180623568_n.jpg
756779539_1548346013431109_1119507920318632183_n.jpg
756745440_1548345976764446_3151193075772284102_n.jpg
Алдыга
Артка
511680585_3458266147649893_2487777099180623568_n.jpg
756779539_1548346013431109_1119507920318632183_n.jpg
756745440_1548345976764446_3151193075772284102_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.

Мектеп 375 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусун, жыйындар залын жана бардык шарттары каралган спорт залын камтыйт. Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Курулуштун ар бир этабы министрликтин көзөмөлүндө болуп, иштер "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда экинчи кабаттын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда",-деп айтылат маалыматта.