Кадамжайда авариялык абалдагы үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат

Аймак 12 октябрь 2026 14:30
Кадамжайда авариялык абалдагы үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Кадамжай шаарында 2011-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалда деп табылган жети көп батирлүү үйдүн ордуна жаңы көп кабаттуу турак жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Баткенге болгон иш сапары учурунда райондун акими Болоткан Белек уулу билдирди.

Анын айтымында, курулуш долбоорун жеке компания ишке ашырууда.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы бүгүн, 12-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарында тургундар менен жолугушууда.