Кадамжайда 90 орундуу жаңы бала бакча Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат

Аймак 10 Июль 2026 09:40
1.jpg
741838836_1565875818239201_1416088225048435462_n.jpg
741857465_1565875871572529_3805722983360520131_n.jpg
741882267_1565875734905876_6441161375466946455_n.jpg
742001729_1565875781572538_5720165982101668625_n.jpg
742031909_1565875728239210_2522107376801046218_n.jpg
742253991_1565875878239195_3081780059540290132_n.jpg
742558260_1565875791572537_1855978168767149990_n.jpg
742760019_1565875764905873_4177270885038599131_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кадамжай шаарында 90 орундуу "Аленушка" балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даярдалууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, имарат синистрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагында АРИС тарабынан аркылуу курулду.

Долбоордун жалпы баасы 69 млн сомду түздү. Эки кабаттуу бала бакчада заманбап окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр жана заманбап жылытуу системасы каралган.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев объекттин даярдыгы менен жеринен таанышты. Ал тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз убагында бүткөрүп, бала бакчаны 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө ачуу тапшырмасын берди.

Бул маанилүү социалдык объекттин ишке кириши Кадамжай шаарынын тургундары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатат.