Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Кадамжай районунда өрүктүн жана гиластын жаңы түрлөрүнүн көчөттөрү отургузула баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтому менен Кыргыз-Кыштак айылында 20 га жер аянты бактарды тигүү үчүн жайыт жеринен айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун көп жылдык бактар жер аянтына которулуп, 19 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

Учурда пайдаланууга берилген жердин 6,5 гектар аянтына эрте бышуучу (25-30-апрелде) транспортабелдүү, 3- жылы 1 гектар жерден 8 тонна түшүм берүүчү өрүктүн жаңы сорттору — "Микадо", "Жебасред" отургузулган. Ошондой эле 6,5 гектарына 5-жылы 1 гектар жерден 10 тонна түшүм берүүчү гиластын "Грейстар", "Свид Ариана" жаңы сорттору тигилген.