Бишкек, 11.08.26 /Кабар/. Акыйкатчы институту Баткен облусундагы “Кадамжай” чек ара заставасына мониторинг жүргүздү.
Институттан билдиришкендей, мониторинг кызмат өтөп жаткан аскерлердин укуктарынын сакталышына жана уставдан сырткаркы мамилелерди алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө азык-түлүк сактоочу кампада жана ашканада санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулгандыгы аныкталып, буга чейин жооптуу кызмат адамдарына оозеки эскертүүлөр берилген.
Андан соң өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган чек ара заставасына кайрадан барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө мурда аныкталган мыйзам бузуулардын айрымдары дагы деле жоюлбаганы белгилүү болду.
Тактап айтканда, күнүмдүк даярдалган тамак-аштан милдеттүү суткалык пробалар алынбагандыгы, ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампада кыска мөөнөттө сакталуучу помидор жана бадыраңды сактоо эрежелери бузулуп, алардын жараксыз абалга келе баштаганы аныкталды.
Бул жагдайлар аскер кызматкерлеринин саламаттыгына коркунуч келтирип, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамынын 57-беренесинин талаптарын бузат. Аталган мыйзамга ылайык, коомдук тамактанууну уюштуруу адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш.
Ошону менен катар жоокерлердин жатаканасына, мончого, окуу бөлүмүнө жана медициналык пунктуна да текшерүү жүргүзүлгөн.
Чек ара заставасынын имараты эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж абалда.
Ал эми жоокерлер жуунуучу мончонун абалы өтө начар болуп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей турганы маалым болду.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Акыйкатчы институту Мамлекеттик чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн жетекчилигине санитардык-эпидемиологиялык кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды тез арада четтетүү, жооптуу кызмат адамдарынын тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштама жөнөткөн.
Жыйынтыгында, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн чек ара заставасынын башчысына эскертүү, жумушуна кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн 4 аскер кызматкерине сөгүш берилгени маалым болду.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту 2026-жылдын алты ай аралыгында жалпы республика боюнча 38 аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзгөн.